Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Ханга жаңы айып тагылды


Имран Хандын Исламабаддагы тарапкерлеринин нааразылыгы. 18-март, 2023-жыл.
Имран Хандын Исламабаддагы тарапкерлеринин нааразылыгы. 18-март, 2023-жыл.

Пакистандын баш калаасы Исламабаддын полициясы 19-мартта мурдагы премьер-министр Имран Ханга, анын 17 жардамчысына жана жактоочусуна террорчулук сыяктуу бир нече мыйзам бузууга байланыштуу айып такты.

Бир күн мурда Хандын тарапкерлери Исламабаддагы сот имаратынын алдында полиция менен кагылыша кеткен. Ал күнү мурдагы премьер-министр коррупцияга байланыштуу башка иш боюнча сотко келиши керек эле.

Полиция Хандын жактоочуларын таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Митингчилер полиция кызматкерлерине таш ыргытып, от коюуга аракет кылышкан.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистан парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Андан бери мурдагы премьер менен жаңы бийликтин тиреши уланып, Хандын тарапташтары утур-утур нааразылык акцияларына чыгып жатышат. Соңку күндөрү полиция менен кагылышуулар Имран Хандын үйү жайгашкан Лахор шаарында да болду.

Имран Хан кызматтан кеткенден кийин Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз (PML-N) партиясын жетектеп келген Шахбаз Шариф Пакистандын жаңы премьер-министри болуп шайланган.

Былтыр ноябрь айында Ханга кол салуу болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG