Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Казакстан: шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,18 пайызы катышты


Алматыдагы добушкана, 19-март 2023-жыл.
Алматыдагы добушкана, 19-март 2023-жыл.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык, 19-мартта парламенттин төмөнкү палатасына жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,19 пайызы катышты. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00гө карата республиканын бардык аймактарында добушканалар жабылды.

Костанай, Кызылордо облустарында шайлоочулардын 65-67 пайызы добуш берсе, бул көрсөткүч Алматы шаарында 25,8 пайызды гана түздү. Казакстанда жалпы 12 миллион шайлоочу бар.

Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бюллетендерди тобу менен урнага салган жана бир адам бир нече жолу добуш берген учурлар кеңири катталганын билдиришүүдө.

Шайлоо өтүп жаткан маалда Астанада бир нече активист кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

19-марттагы шайлоолор былтыр кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийинки саясий жараяндарды жыйынтыктоочу өнөктүк катары да мүнөздөлүүдө.

Баш мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, парламенттин төмөнкү палатасына же мажилиске шайлоо 2004-жылдан бери биринчи жолу пропорционалдык системадан тышкары мажоритардык система менен да өтүп жатат. Парламенттин 69 депутаты (70 пайызы) партиялык тизме менен, 29у (30 пайызы) бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG