Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Иранда диний таалим алып жүргөн тажик жарандары мекенине кайтарылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Тажикстандын бийлиги Ирандын диний мекемелеринде таалим алып жүргөн жети жаранын мекенине кайтарды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2022-жылы мекеме Ирандын диний мекемелериндеги тажикстандыктардын санын тактоо үчүн бул өлкөгө эки кызматкерин жөнөткөн.

"Кызматкерлер мыйзамсыз билим алып жаткан 58 студентти аныктап, алардын жетөө Тажикстанга кайтарылды. Учурда калгандарын да алып келүү аракеттери көрүлүүдө", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тажик бийлиги Билим берүү министрлигинин расмий тизмесине кирбеген диний окуу жайларда билим алууну мыйзамсыз деп эсептейт.

2010-жылы президент Эмомали Рахмон чет өлкөлөрдөгү медреселерде билим алып жаткан тажик студенттери экстремисттик жана террористтик уюмдарга кошулуп кетип жатканын айткандан кийин аларды мекенине кайтаруу өнөктүгү башталган. Андан бери Египеттен, Ирандан, Сауд Арабиясынан, Пакистандан жана Ооганстандан 3 миңден ашык студент кайтарылган. Бул өнөктүк бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Өткөн жылдын соңунда АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда Тажикстан "жарандардын дин эркиндиги чектелгенине байланыштуу тынчсыздануу жараткан" мамлекеттердин катарына киргизилген.

XS
SM
MD
LG