Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

22-мартта айрым жерлерде жаан жаайт


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…+1

Бишкекте түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 14…16° градус болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG