Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Казакстанда мажлистеги көпчүлүк орунду бийликтеги партия алат


Казакстандагы шайлоо участогу. 19-март, 2023-жыл
Казакстандагы шайлоо участогу. 19-март, 2023-жыл

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта парламенттин төмөнкү палатасы - мажлиске болгон шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Күтүлгөндөй эле алдын ала жыйынтыктар дээрлик өзгөргөн жок.

Ат салышкан жети партиянын алтоо парламентке өттү. Бийликтеги "Аманат" партиясы добуштарын 53,9% алып, 40 мандатка ээ болду. 5% босогодон өзүн оппозициялык деп атаган ОСДП партиясы өтө алды. Аларга парламентте төрт орун тиймекчи.

Шайлоочулардын 3,9% баарына каршы добуш берди.

БШК бир мандаттуу округдардан да шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. "Азаттыктын" казак редакциясы жазганына караганда, мажлиске өткөн 29 талапкердин 23ү "Аманат" партиясынын өкүлдөрү.

Кошуна өлкөдө парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо 19-мартта өткөн. Көз карандысыз жана эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешкен. Утулуп калган көпчүлүк талапкерлер шайлоону мыйзамсыз деп табууну талап кылышты. БШК добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте алчу олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун буга чейин маалымдаган.

Баш мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, мажилиске шайлоо 2004-жылдан бери биринчи жолу пропорционалдык системадан тышкары мажоритардык система менен да өттү. Парламенттин 69 депутаты (70) партиялык тизме менен, 29у (30%) бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Бийликтеги "Аманат" партиясы буга чейин "Нур Отан" деп аталып келген. Кезинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген бул партиянын аталышын президент Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы "Аманат" деп өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG