Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ооган Тышкы иштер министрлигине жакын жерде бомба жарылды


Жардыруу болгон жердеги тез жардам машинасы. Кабул, 27-март, 2023-жыл
Жардыруу болгон жердеги тез жардам машинасы. Кабул, 27-март, 2023-жыл

Кабулда Ооганстандын Тышкы иштер министрлигине жакын жерде жанкечти бомба жардырганда кеминде алты карапайым киши мерт кетти, 12си жаракат алды. Бул тууралуу талибдер жетектеген министрликке шилтеме берүү менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган редакциясы кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечтини талибдердин коопсуздук кызматы байкап калганы менен ал өзүн жардырууга үлгүргөн.

Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Кабулдагы ооруканада иш алып барган италиялык бейөкмөт уюму ал жерге эки кишинин сөөгүн алып келишкенин, жаракат алган 12 адамдын бири кичинекей бала экенин бышыктады.

Мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталгандан бери ооган жергесинде биринчи теракт болуп отурат. 11-январда ушул эле министрликтин жанында дагы бир жанкечти өзүн жардырганда 10 киши набыт болуп, 53ү жаракат алганын БУУ билдирген. Ал эми "Талибан" кыймылынын бийлиги беш кишинин өлүмү тууралуу маалымдаган. Ал кол салууну "Ислам мамлекети" радикал уюму уюштурганын моюнга алган.

Террордук топ талибдерге каршы күрөшкөн негизги күчкө айланып, жүздөгөн кишинин өмүрүн кыйды, айрым учурларда алар чет өлкөлүк жарандарды бутага алууда.

Декабрда жихадчылар Кабулдагы мейманканага чабуул койгондо кытайлык беш киши жараат алган. Сентябрда орус элчилигинин эки кызматкери окко учкан. Уюмдун жоочулары жыл этегинде Пакистандын элчилигине да кол салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG