Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Alibaba негиздөөчүсү Жек Ма Кытайга кайтып барды


Кытайдын эң бай адамы, "Алибаба" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.
Кытайдын эң бай адамы, "Алибаба" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма.

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма бир жыл чет өлкөдө жүргөндөн кийин Кытайга кайтып барды. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, бир жылдык убакыттын көбүн Жапонияда өткөргөн Ма Кытайга бир нече күн мурда кайтып барды.

Дүйшөмбү күнү Жек Ма Alibaba боюнча өнөктөштөрү менен 2017-жылы негиздеген Ханчшоу шаарындагы мектепке барды. Сапардын алкагында ал мугалимдер менен жолугуп, ChatGPT өңдүү жасалма интеллект технологияларынын билим берүү системасына болгон таасирин талкуулады.

Өткөн жылы ноябрда Financial Times басылмасы Жек Ма Кытайдан чыгып кетип, Токиодо жашап жатканын билдирген.

Дүйнөгө белгилүү ишкердин өлкөсүнөн чыгып кеткени Кытай бийлигинин технологиялык компанияларга басымы күчөгөн учурга туш келген. Жек Ма 2020-жылы Шанхайдагы ири экономикалык жыйында Кытайдын базар мамилелерин жөнгө салуучу мекемесин сындап сөз сүйлөгөн.

Көп өтпөй Кытайдын бийлиги антимонополиялык иликтөөнүн алкагында миллиардер Жек Ма түптөгөн Alibaba корпорациясына 2,8 миллиард доллар айып салган. Бул Кытайдагы болуп көрбөгөндөй эң чоң айып.

Ма - Кытайдагы эң бай адамдардын бири. Forbes журналы анын байлыгын 65,5 миллиард долларга баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG