Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Израилде нааразылыктардан улам сот реформасы кийинкиге калтырылды


 Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сот реформасын кароону парламенттин кийинки сессиясына жылдырууну чечти. Бул кадам өлкөдөгү жапырт нааразылык акцияларынын жана иш таштоолордун фонунда жасалды.

"Улуттук жоопкерчиликти сезип, жарандарыбыздын ортосунда ажырым болтурбоо ниетинде мен мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окуусун убактылуу токтотууну чечтим", - деди Нетаньяху.

Бул билдирүүдөн кийин эң ири “Гистадрут” кесиптик кошуундар уюму жалпы улуттук иш таштоо токтотулганын жарыялады.

Израилде Бенямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуш кылган сот реформасына каршы нааразылык акциялары дээрлик үч айга созулду. Жаңы реформага ылайык, Жогорку Соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктайт. Мындан сырткары, сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Парламент аны келерки аптада добушка коюшу керек эле.

Реформага каршы болгондор анын кабыл алынышы соттордун көз карандысыздыгын жоготот деп эсептешет. 9 миллионго жакын калкы бар Израилде жекшемби күнү 600 миңден ашуун демонстрант көчөгө чыккан.

Коргоо министри Йоав Галант өкмөткө сот реформасын токтотууну сунуштап, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөнүн айткандан көп өтпөй кызматтан алынганын The Jerusalem Post басылмасы жазган.

Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортунда каттамдар токтотулган.

Израилдин президенти Ицхак Херцог дүйшөмбү күнү өкмөттү өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасын токтотууга үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG