Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

1-апрелдин аба ырайы


Баткен облусу. Иллюстрация сүрөт.
Баткен облусу. Иллюстрация сүрөт.

1-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 16…18° жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG