Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Мударис Кусеин Исаев 86 жашында дүйнөдөн кайтты


Кусеин Исаев.
Кусеин Исаев.

Кыргызстан социологдор коомунун төрагасы, Евразия социология биримдигинин теңтөрагасы, мударис Кусеин Исаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Орто мектептен кийин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Аталган университетте, кийинчерээк Бишкек гуманитардык университетинде мугалим болуп иштеген.

Кусейин Исаев Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, социология профессору, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги наамдарын алган.

Өмүрүнүн 65 жылын публицистикага арнаган. Алгачкы макаласы окуучу кезде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине чыккан.

Мударис Кусеин Исав соңку жылдары жазган мамлекеттүүлүк негизи эмнеде, демократия прициптери эмне үчүн иштебейт, мамлекеттин башкаруу формасы, мамлекеттик идеология кандай болушу керек, Кыргызстандагы көп партиялуулук көйгөйү жана келечеги, кыргыз саясий элитасынын бедели, революциялар сабагы, шайлоо шарапаты, парламентаризмдин параметрлери, эл аралык мамиле маселери ж.б. өзөктүү темалардагы макалалар мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып турган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG