Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Германиядан депортацияланган тажик оппозиционердин уулу жети жылга кесилди


Абдулло Шамсиддин
Абдулло Шамсиддин

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германиядан мекенине депортацияланган Абдулло Шамсиддин жети жылга эркинен ажыратылганын билдирди.

Тажик бийлиги оппозиционер Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддиндин соту тууралуу маалымат берген жок. Бирок HRW оппозициячынын уулу “Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталганын белгилейт.

Мурдарак тажик оппозициясы менен кызматташкан басылмалар Абдулло Шамсиддин жети жылга соттолгонун кабарлашкан. Azda TV каналы сот өкүмү 28-мартта чыкканын билдирген. Сот учурунда ал социалдык түйүндөгү кайсы бир пикирге “лайк” басканын жана нааразылык акциясына катышканын мойнуна алган.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Абдуллонун атасы Шамсиддин Саидов уулу соттолгону тууралуу маалыматты тастыктады.

“Рахмондун режими атамды өлтүрүп, мени 15 жылга соттоп, эми уулум Абдулланы жети жылга эркинен ажыратты”, - деди ал.

Германияда 2009-жылдан бери жашаган 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине 18-январда депортацияланган. Буга Германиянын миграциялык кызматына өз учурунда каттоого турбаганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG