Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы: Мас айдоочулар 76% кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкө аймагында акыркы бир жума ичинде мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган башкармалык бир ай мурда күчүнө кирген жаңы эрежелерге байланыштуу талдоо жүргүзүүдө. Ага ылайык, соңку үч күн ичинде мас абалында машине айдагандардын саны 76% азайганы байкалган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде мас абалында рулга отурган 237 айдоочу аныкталган.

Быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирген. Жаңы эреже боюнча мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса, үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Автоунаанын номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор, милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар, жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык автоунааларга жол бербегендер, каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар, жол эрежесин бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер, машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендерге ушундай чара колдонулат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG