Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Раматов: Жер мунапысын алуу үчүн 93 миң арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Кыргызстанда жер мунапысын алуу үчүн элден 93 миң 663 арыз түшүп, жарандарга 12 миң 795 техникалык паспорт берилгенин билдирди.

Бул тууралуу ал 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, трансформация болгон жерлердин так аянты арыздар каралып, чечим кабыл алынгандан кийин белгилүү болот.

Ал эми 286 мыйзамсыз курулуштар аныкталып, документтер Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берилди.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 1-мартта Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн окуядан кийин 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордого барып мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документ берүү иштерин тездетүү тапшырмасын берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG