Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Сузакта чагылган тийген үй күйүп кетти


Чагылган түшкөн үй. 8-апрель, 2023-жыл. Жалал-Абад облусу, Сузак району.
Чагылган түшкөн үй. 8-апрель, 2023-жыл. Жалал-Абад облусу, Сузак району.

Сузак районунун Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан үйгө 8-апрелдин таңында чагылган түшүп, күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, турак үй өрттөнүп жаткан учурда 14 жаштагы эгиз балдар, алар менен теңтуш дагы бир бала терезеден качып чыгышкан. Үйдө алардан башка эч ким болгон эмес. ӨКМ үй жараксыз абалга келгенин жана жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Балдар туугандарыныкына жайгаштырылган, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG