Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Активист Жанболат Мамай алты жылга шарттуу кесилди


Жанболат Мамай
Жанболат Мамай

Казакстанда активист Жанболат Мамай алты жылга шарттуу кесилди. Чечимди 10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды.

Сот ага коомдук-саясий ишмердүүлүк, журналистика менен алектенүүгө, коомдук бирикмелердин ишине катышууга да тыюу салды. Мамай жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Казакстанда каттоого алынбаган Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2022-жылдагы Январь окуяларында "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыпталган.

Жанболат Мамай Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан көп өтпөй февраль айында камалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда. Ноябрда үй камагына чыгарылган.

Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Астанага былтыр барган Европарламенттин депутаттары да казак бийлигин активисттерди, анын ичинде Мамайды куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG