Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Мектеп директорлорун тандоого сынак жарыяланды


Мектеп директорлугуна сынак учуру. Бишкек, 2022-жыл.
Мектеп директорлугуна сынак учуру. Бишкек, 2022-жыл.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан боюнча 180ден ашык мектептин директорлугуна сынак өтөт.

Сынакка катышууну каалагандар комиссияга 24-апрелге чейин тиешелүү документтерин тапшырууга тийиш. Убагында кайрылбаган талапкерлер сынактан четтетилет.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, сынакка жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар катыша алышат. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген мектептердин директорлугуна атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катышса болот.

2022-жылы 12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек. Өткөн жылы мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланып, өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директору алмашкан.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 177 мектептин директорлорунун мөөнөтү беш жылдан ашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG