№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан депутаттыкка ат салышуу ниетин бүгүн, 11-апрелде дагы эки адам билдирди. Борборбук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, Бишкектин тургундары Роман Мокейчук жана Аким Маликов Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышууга арыз беришти.
Буга чейин аталган шайлоо аймагынан 13 талапкер ат салышууга арыз берген. Алардын арасында жалгыз аял бар. Арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт, кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт.
Боршайком 27-мартта "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.
Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.(ZKo)
Facebook шеринеси