Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

Блогер Адилет Балтабайдын соту 19-апрелде уланат


Адилет Балтабай сотто. Июль, 2022-жыл.
Адилет Балтабай сотто. Июль, 2022-жыл.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши 11-апрелде Жогорку Сотто каралды. Бул тууралуу активист өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, жараянда адвокаттар эксперттер тарабынан кетирилген түшүнүксүз жагдайларды кеңири айтышты.

Эми соттук коллегиянын чечими 19-апрелде чыгат деп күтүлүүдө. Адилет Балтабай чечим адилеттүү болот деген үмүтүн да билдирген.

Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ал былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Бирок пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган эле.

Адилет Балтабай өкмөттү сындаган түрдүү акцияларды социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып, өз пикирин ачык айтып жүргөн. Милиция анын күнөөлүү экенине далил бар экенин билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG