Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыкты


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы каралды.

Сот чечими менен Сооронкулова үй камагына чыкты.

"Үй камагынын өзгөчө шарттары бар. Баарынын өз убактысы келет деп ойлойм. Менимче, азыр кандайдыр бир комментарий бербей турайын. Тергөө иштери уланууда", - деди Сооронкулова журналисттерге.

27-мартта №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Клара Сооронкулованын өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирип, үй камагына чыгарууну суранып жатканын маалымдаган.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкуловага быйыл 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган. 15-мартта кайра тергөө абагына которулган, ал оор операциядан кийин реабилитациялоого муктаж экенин 24-мартта акыйкатчы Атыр Абдрахматова да билдирген. Ал укук коргоо органдарын Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырган.

Ага чейин Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Алар сот шектүүлөрдү камакка алууда балдарын, жашын, коомго кылган эмгегин жана туруктуу жашаган жери бар экенин эске албаганын билдирип, саясатчылар Клара Сооронкулованы, Рита Карасартованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны үй камагына коё берүүнү сунушташкан.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.

Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир нечеси саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Адам укугун коргогон уюмдар активисттерди бошотууну кыргыз бийлигинен бир нече ирет талап кылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG