Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

БУУ Акыйкатчынын адам укугун коргоо аракети жогорку баага татыктуу экенин билдирди


Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюна жогорку комиссарлыгы Кыргызстандын адам укуктарынын коргоо аракетине жогору баа берди. Бул тууралуу аталган комиссарлыктын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага жолдогон катында билдирген.

Катта өкүл Акыйкатчыга укук коргоодогу кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Омбудсмен институтунун БУУга жолдогон 2022-жылкы альтернативдүү баяндамасына жогорку баа берилгени жазылган.

"Акыйкатчынын адам укугун коргоодогу аракети - көз карандысыздыктын, Кыргызстандын демократия, ачыктык принциптерин кармануу жана адам укуктарын сактоо аракетинин күбөсү. Париж принциптерине ылайык, улуттук укук коргоо уюмдары БУУ жана башка укук коргоо жаатындагы эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташуусу керек. Улуттук укук коргоо уюмдары көз карандысыз жана так маалыматтарды, иликтөөлөрдү жана өлкөдө адам укугун жакшыртуу жаатында сунуштарды бере алат", - деп белгилеген Пиана.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары, соңку жагдай тууралуу альтернативдүү баяндама даярдаган.

Баяндамада Кыргызстанда аялдарга жана балдарга зомбулуктун күч алышы, мындай кылмыштардын сотко жетпей кыскарып же сотто жеңил жаза берилип жатканы, ушундан улам коомчулукта укук коргоо органдарына жана сотторго ишеним жоктугу тууралуу сөз болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG