Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Тажикстан менен Кытайдын соодасында 1,5 миллиард доллар айырма чыкты


Тажик сомониси жана АКШ доллары. Иллюстрация
Тажик сомониси жана АКШ доллары. Иллюстрация

Былтыр Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2,6 млрд. долларды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 40% көп. Бул тууралуу 11-апрелде Дүйшөмбүдөгү расмий иш-чарада Кытайдын Тажикстандагы элчиси Цзи Шумин билдирди.

Бирок тажик тараптын маалыматы мындан эки эсеге аз болууда. Ага ылайык, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 1 млрд 200 миллион долларды түзгөн. Анын 368 миллион доллары экспортко, 842 миллион доллары импортко туура келет.

Кытай бажысынын статистикасы боюнча, Бээжин Тажикстанга 2 млрд 217 млн доллар товар жеткирип, Душанбеден 381,7 миллион долларга товар импорттогон. Ортодогу айырма өтө чоң. Дээрлик 1,5 миллиард доллар "кайда кеткени" белгисиз.

Айрым эксперттер айырманы тажик бажысындагы коррупция менен түшүндүрүүдө.

Буга чейин Тажикстан товар импорттогон бир нече компанияны бажы алымдарынан жана салыктан бошоткон. Бул товарлардын көбү Кытайдан ташылат. Бээжин ал товарларды өз статистикасында каттоого алат, натыйжада бул маалыматтардын айырмачылыгына алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG