Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ош: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жууду


 Зиядин Жамалдинов жана Данияр Жаныкулов.
Зиядин Жамалдинов жана Данияр Жаныкулов.

Ич ара тирештен кийин президент Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов менен анын орун басары Данияр Жаныкуловду кызматтан алды. Эки чиновник менен кошо Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматы алардын ишмердүүлүгүн текшерген комиссия мыйзам бузууларды тапканын билдирди. Комиссия мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн.

"Алар өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган", - деп айтылат маалыматта.

Жамалдиновдун ордуна президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Оштогу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Аны Ош администрацияда өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.

Төрөбаев "Азаттыкка" комментарий берип, соңку чечимдер бир күн мурда интернетке тараган чуулуу видеого байланыштуу экенин түз ырастабаса да, соңку жагдайлар себеп болгонун кыйытты:

"Видеону мен көрбөдүм. Ал видеону көрсөм да ашыкча комментарий бере албайм. Президенттин, өкмөттүн жарлыгын окудуңуздар. Сиздер ушунун негизинде жыйынтык чыгара бериңиздер".

Ал арада Ош облустук прокуратурасы президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун ишин текшере баштаганы маалым болду.

13-апрелде Ош облусундагы президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алып, андан кийин акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тарады. Видео ким тарабынан тартылганы жана таратылганы белгисиз.

Ал эми Данияр Жаныкулов видеону атайын уюштурулган чагым деп атап, "Азаттыкка" мунун артында Зиядин Жамалдинов жана анын жакындары турарын айткан. Анын сөзүнө караганда облустук акимчиликтеги IT адиси Нургазы Жамалдинов өкүлдүн жакын тууганы.

"Мен жөнүндө бир жыл мурдагы иш ордумдагы видеолорду чыгарып каралоо аракетин көрүшүптүр. Ошко келген бир жыл, тогуз айда 1400 гектар жерди мамлекетке кайтардым. Акчалуулардын мыйзам бузуп кызыл сызыкка чейин чыгып, салып алышкан көптөгөн имараттарын буздуруп, талкалаттым. Акчалуулар, мыйзамды уруп ойнобогондор мага каршы чыкпаганда, ким чыгат?", - деди Жаныкулов "Азаттыкка" курган комментарийинде.

Жаныкулов "Азаттыкка" видео тарагандан кийин милиция же атайын кызматтын өкүлдөрү аны суракка чакырганын төгүндөдү.

Зиядин Жамалдинов болсо Жаныкулов айткан дооматты четке какты.

"Ортодо тиреш деле жок. Эгер менде видеолор болгондо да чыгармак эмесмин. Булар канча нерсе кылды. Орозо айында эч кимге кыянаттык кылбайм, кудайга койдум. Ким кылса, жазасын берсин. Эгер мамлекеттик башчы Садыр Нургожоев ишенип кызмат берсе, кыргыз элине кызмат кылганга даярбыз", - деди Жамалдинов.

Ал "Азаттыктын" Ош облустук администрациясында иштеген иниси, бир туугандары жана өзү аралашкан жер маселеси тууралуу мындай комментарий берди.

"Иним мен келгенде эле IT адиси болуп иштеп жүргөн. Бул жумушка эч ким кызыкпаганынан мурдагы жетекчи чакыртып алып иштетип жүрүптүр. Жер маселесине кызыксаңар ошол жерге барып көрсөңөр болот. 30 сотых жерибиз бар, башка жерибиз жок. 180, ошол эле беш гектар жерлер тууралуу айтсам, туура мурда алган экен. 2,5 жылдык мөөнөт менен. Ошол аралык ичинде курулуш болбосо айыл өкмөт карамагына өтөт экен. Телефон сүйлөшүүсү боюнча эгер мен кыйнасам, жасатмакмын да. Ал айтты мыйзамга туура келбейт, андай болсо тим кой дегем. Ошол бойдон трансформация болбой турат. Жер агамдын баласынын досунун жери болчу, ал дагы маалыматтарды берип атат. Жер ошол бойдон турат".

Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев соңку окуяны Ош облусуна тажрыйбасыз, аймактын социалдык-экономикалык абалын түшүнбөгөн кадрларды жетекчилик кызматтарга дайындоонун акыбети катары баалады.

“Бийликтин кемчилиги - татыксыз кадрларды алып келип, президенттин беделине көлөкө түшүрдү. Жаныкуловдун буга чейин мамлекеттик чоң кызматтарда тажрыйбасы жок эле. Ошондуктан депутаттар менен тирешкени, аймактарды кыдырган рейддери, президенттин өкүлү менен мамилеси, ушунун баары анын тажрыйбасыздыгын көрсөтүп турат. Зиядин Жамалдинов да, Жаныкулов дагы татыксыз экенин көрсөттү. Шоу менен гана алектенип туруп алышты. Ош облусу - чоң агрардык аймак. Бул жерге айыл чарбасын, кайра иштетүү тармагын, өндүрүштү түшүнгөн, тажрыйбалуу кадрлар келиш керек. Тажрыйбасыз, татыксыз адамдарды жетекчиликке кызматка алып келе берип, облустун экономикасы кескин түшүп кетти. Өндүрүштү кеңейтүү, инвестиция тартуу, айыл чарбасына көңүл буруу, жумуш орундарын түзүү жок”.

Жамалдинов менен Жаныкулов ким?

Буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефондогу сүйлөшүү соцтармактарга тараган.

42 жаштагы Данияр Жаныкулов бул кызматка 2021-жылдын август айында дайындалган. Ага чейин Таластагы Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген. 2001-2007-жылдары КТРК “Ала-Тоо” программасында кабарчы, жооптуу редактор; 2007-2009-жылдары ЭлТР МТРКсында башкы продюсерлик кызматты аркалаган. 2009-2011-жылдары Маданият жана маалымат министрлигинде пресс-катчы, министрдин жардамчысы болуп иштеген. “Ата Журт” партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары милдетин аткарган.

Март айында жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов кызматтан кетип, ордуна Данияр Жаныкулов дайындалышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Жаныкуловдун аты аралашкан чуу биринчи жолу катталган жок. 2022-жылы Жогорку Кеңештин бир катар эл өкүлдөрү президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов "депутат Жалолидин Нурбаевди каралап жатат" деп айтып, ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен ошол кездеги спикер Талант Мамытовго кайрылышкан.

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон.

Быйыл март айында Жогорку Кеңештин жыйында анын дарегине байланыштуу сын-доомат айтылган. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу президенттин Оштогу өкүлү токой чарбанын жерин, үйүн бир тууган агасына каттатып алганын билдирген. Андан сырткары гектарлаган жерлерди алып алган, мүлк жыйнаган фактылар бар экенин белгилеп, мамлекет башчысына кайрылган.

Зиядин Жамалдинов буга дароо жооп кайтарып, бир тууганы токой чарбанын жерин, үйүн каттатып алганын жалганга чыгарган. Гектарлаган жерди ээлеп алганы, кадр саясатына аралашары тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирген.

Оштун жаңы жетекчиси ким?

50 жаштагы Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп иштеп келген.

Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Түп районунун акимдигин аркалаган. Жантаев соңку эки-үч жылдан бери өкмөттүк деңгээлдеги кызматты ээлегени менен коомчулукка көп деле таанымал эмес.

Элчибек Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулган.

  • 2002–2003-жылдары Ак-Чий айыл өкмөтүндө статист-экономист;
  • 2003–2009 — жооптуу катчы;
  • 2009–2012 — Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2013–2014 — Ак-Чий айылдык кеңешинин төрагасы;
  • 2014–2018 — Ак-Суу районун акиминин орун басары;
  • 2018–2020 — Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;
  • 2020-жылы июлдан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ноябрдан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
  • 2021-жылы май айында Айыл чарба, суу жана Токой чарба министрлигинин, аймактарды өнүктүрүү агенттигинин директору, ушул эле жылдын ноябрында Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG