Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түшкөнүн айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Анын айтуусунда эки жарым жылдан бери коррупцияга айыпталгандар төккөн акчанын дээрлик баары мамлекеттик казынага түштү.

"Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөнү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөнүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз", - деди президент.

Мамлекет башчы коррупцияга айыпталып, бирок үй камагында жүргөндөр тууралуу да суроого жооп берип, алар үй камагында жүрсө да акталбаганын, сот уланып жатканын айтты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөштөн 2022-жылы мамлекетке 11 млрд. 679 млн. 607 миң 984 сом зыян келтирилген. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде Жогорку Кеңештеги отурумда 2022-жылдагы иши боюнча берген отчетунда баяндалган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG