Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

УКМК 84 килограмм алтын алып келүү фактысы аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 17-апрелде чек арадагы “Ак-Жол” бекетинде 84 килограммга жакын, баасы болжол менен 300 миллион сомдон ашык деп бааланган алтын кармалганын билдирди. Ага ылайык, алтын Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирин көздөй бараткан, тиешелүү документтери жок “JAC” үлгүсүндөгү машинада болгон. УКМК бул компания тууралуу маалымат берген жок.

"Учурда иликтеп-териштирүүнүн алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун былтыр жыл аягында берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын он айында тоо-кен тармагынан бюджетке 39,6 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. 2020-жылы бул көрсөткүч 18 миллиарддан ашык, ал эми 2021-жылы 23 миллиард сомго жакын болгон. Акылбек Жапаров былтыркы өсүштү Кумтөр менен негиздеген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG