Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

"Ата-Журт Кыргызстан" акыйкатчыны кызматтан алууну сунуштады


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирди.

Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын негизинде парламентте чечим кабыл алууда талаш-талкуу чыкты

Акыйкатчы мындан бир күн мурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин жыйынында жылдык баяндама жасаган жана анда "баяндама эске алынсын" деген чечим чыгарылып, жалпы жыйынга кароого жөнөтүлгөн.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG