Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Бишкек мэриясы бөтөлкө чогулткан беш жашар бала жөнүндө түшүндүрмө берди


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы көчөдө желим бөтөлкө чогултуп жүргөн беш жашар балага байланыштуу түшүндүмө берди. Анда Түгөлбай-Ата көчөсүндө желим бөтөлкө жыйнаган кичинекей бала тууралуу маалымат 18-апрелде алынганы, текшерүүнүн негизинде ал балаүй-бүлөсү менен таштандыларды кабыл алган жайда жашары аныкталган. Ошондой эле ал жерде жашагандар Өзбекстандын жарандары экени белгилүү болгон.

"Жашаган жеринде санитардык-гигиеналык нормалар сакталбаганы, балдардын жашоосу үчүн шарт түзүлбөгөнү аныкталды. Өзбек жарандарына укуктарды сактоо, ата-энелик милдеттерди так аткаруу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери ал үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кечеден жардам көрсөттү. Ошондой эле, аталган райондун администрация ал жарандардын абалына байланыштуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине кат жөнөттү",-деп жазылган маалыматта.

Мэрия ал жерде канча адам күн көрүп келгенин тактаган жок.

Мунун алдын социалдык тармактарда таштанды челектердин жанынан желим бөтөлкө топтоп жүргөн беш баланын видеосу тарап, ал талкуу жараткан. Айрым активисттер балага жана үй-бүлөсүнө жардам чогулта баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG