Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Кыргызстанда жергиликтүү соттордун 20 судьясы дайындалды


Кыргыз сотторунун процесстик орду. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз сотторунун процесстик орду. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматка дайындоо тууралуу жарлыктарды чыгарды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланат.

Ага ылайык, Ысык-Көл облустук сотуна Болоткан Дюшеналиев, Тоң райондук сотуна Гүлзат Абдинасирова, Ысык-Көл райондук сотуна Азат Матемиров, Баткен райондук сотуна Нуртилек Кимсанов, Кадамжай райондук сотуна Автандил Матказиев, Кызыл-Кыя шаардык сотуна Замир Акимов, Ала-Бука райондук сотуна Сулайман Алымкулов, Сузак райондук сотуна Индира Жунушалиева, Кара-Көл шаардык сотуна Жанайым Кулукеева, Жалал-Абад шаардык сотуна Алина Картамбаева, Алай райондук сотуна Майрам Оморова жана Ош шаардык сотуна Айнур Таштанова судья болуп жөнөтүлдү.

Бишкек шаардык сотуна Махабат Бекишова, Бишкектин Октябрь райондук сотуна Диляра Мулюкбаева, Биринчи май райондук сотуна Бактыгүл Алымбекова, Свердлов райондук сотуна Адил Жаныбек уулу, Урмат Маматкеримов, Жолдошбек Сулайманов жана Ленин райондук сотуна Улан Жанболотов, Дулан Жунушов сот болуп бекилди.

20 судьяны дайындоо боюнча сунуш президентке Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши киргизген. Орундар ар кандай жагдайда бошогон.

Быйыл 25-мартта Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев мас абалда автоунаа айдаганы үчүн кечирим сурап, өз арызы менен иштен кетти. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков да сотко катышкан тараптарынын бирине аныктама бербегени үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. (ErN)

XS
SM
MD
LG