Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Украина православ чиркөөсүнүн кызматкерин 28 туткунга алмаштырды


Украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) кызматкерлерине каршы пикет. Днепр шаары. 16-апрель, 2023-жыл.
Украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) кызматкерлерине каршы пикет. Днепр шаары. 16-апрель, 2023-жыл.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк “Интерфакс-Украина” агенттигине курган маегинде, Киев украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) эки дин кызматкерин Орусияга өткөрүп бергенин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, дин кызматкеринин бири украиналык 28 туткунга алмаштырылган. Экинчичиси кандай шартта алмаштырылганы айтылган эмес. Орусия тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

Василий Малюк украин православ чиркөөсүнүн (Москва патриархаты) кызматкерлери Москва менен кызматташкан деп шек саналып жатканын, буга байланыштуу Украинанын Коопсуздук кызматы өткөн жылы иликтөө иштерин баштаганын кошумчалады. Жыйынтыгында 61 дин кызматкерине кылмыш иши козголуп, жети адам соттолгон. 19у Украинанын жарандыгынан ажыратылды.

Украин православ чиркөөсү (Москва патриархаты) Украинадагы эки ири православдык диний уюмдардын бири. Согуш башталгандан кийин ал Москва патриархатына көз каранды болбой калганын жарыялаган, бирок ал юридикалык жактан бекемделе элек. Украинанын бийлиги чиркөөнүн бир катар дин кызматкерлери Орусияны колдойт деп эсептейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG