Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кыргызстанда "Чек арачыга бирден китеп" акциясы башталды


“Чек арачыга бирден китеп” акциясы. Баткен шаары. 24-апрель, 2023-жыл
“Чек арачыга бирден китеп” акциясы. Баткен шаары. 24-апрель, 2023-жыл

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы “Чек арачыга бирден китеп” акциясын баштады.

24-25-апрелде өтүүчү иш-чара Эл аралык китеп күнүнө карата уюштурулган. Анда ар түрдүү жанрдагы китептер алыскы, тоолуу аймактардагы чек ара тозотторунда кызмат өтөп жаткандарга берилмекчи.

Чек ара кызматы акция өлкө боюнча өткөрүлөрүн "Азаттыкка" маалымдады.

24-апрелде Баткендеги акциянын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик, журналисттер, жашоочулар китеп алып келип, чек арачыларга таратып жатышат.

Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев аймактагы ар бир чек ара бөлүктөрүндө окуу бөлмөлөрү уюштурулганын, китеп фонду түптөлгөнүн билдирди.

Эл аралык китеп күнү жыл сайын 23-апрелде белгиленет. (JsA)

XS
SM
MD
LG