Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Кемпир-Абад иши: камактагылар ЖКны акыйкатчыны колдоого чакырышты


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандар акыйкатчы Атыр Абдрахматовага байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарга кайрылды. Анда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин Абдрахматова тууралуу билдирүүсү "орунсуз" деп сыпатталган.

"Президенттик бийлик, адам укуктары маселесинде, бийликке жападан-жалгыз мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк боюнча пикирин айткан, коргогон акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу процессин баштады. Басма сөз катчынын тили менен силерге - Жогорку Кеңешке буйрук берди. Авторитардык режим Абдрахматовага окшогон, адам укугун, эркиндиктерди принципиалдуу түрдө коргогон акыйкатчыны эртели-кеч кызматтан алып, сөзүн жабууга аракет жасарын, биз жакшы билгенбиз. Урматтуу депутаттар, Жогорку Кеңеш талаш-тартыштардын, карама-каршылыктардын борбору болуусу зарыл. Күчтүү парламент гана бийликтин туура эмес, адилетсиз жана мыйзамсыз чечимдерин артка кайрып, өзгөртүп, оңдой алат. Бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыздоо Жогорку Кеңештин милдетине кирет. Абдрахматова эң татыктуу акыйкатчы боло алды, сиздерден аны колдоону суранабыз",-деп жазылган кайрылууда.

Президенттин администрациясы жана басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул кайрылуу тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн аптанын аягында Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, Абдрахматованы сындаган эле.

"Сөз эркиндигине эч кандай чектөө жок. Ар ким өз пикирин каалагандай билдирет. Максим Горький атындагы гүлбак митингдердин аянты болуп калды. Ал жерде митингдер каалаган учурда өтүп жатат. Катышуучулар оюн эркин айтып, түз эфирлерге чыгып жатат. Алардын сөзүн журналисттер жана блогерлер таратып жатат. Бизде эч кандай сөз эркиндигин кысмакка алуу жок. Акыйкатчы өлкөдө туруксуздукту каалагандарды коргоп жатат. Ошондуктан ал жагдайды ошондой көрүп жатат. Анын карапайым адамдардын укугун коргогону байкалган эмес",- деген Султанбаев.

Абдрахматова Султанбаевдин бул сынына жооп берген эмес.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштаган. Төрага Нурланбек Шакиев эми бул сунушту тармактык комитет карап, чечим чыгарышы керектигин билдирген. Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасап, бир топ маселелер бар экенин билдирген.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган.

Өткөн айда АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялаган. Анын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө өлкөдөгү күч кызматкерлери катышкан кыйноолор, сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, сот системасынын көз карандылыгы, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, бийлик бутактарындагы коррупция, гендердик жана азчылыктарга каршы зомбулук же коркутуулар тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG