Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

УКМК Ленин райондук соттун судьясына кылмыш ишин козгоду


Бишкектеги Ленин райондук соту.
Бишкектеги Ленин райондук соту.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы Ленин райондук соттун К.Н.Т аттуу судьясына "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Анда атайын кызматка жарандардын бири судья оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылып жатканы тууралуу кайрылганы жазылган.

"Талап аткарылбаса, соттолуучуга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарын айтып коркутушкан. Судья райондук соттун кызматкерлерин, жакын досторун аралаштырган, соттолуучулардан акча алган туруктуу коррупциялык схема такталды. 20-апрелде пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалган. 21-апрелде Ленин райондук соттун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. камалды. Мыйзамдарга ылайык, судьяны жоопко тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу керек, учурда макулдук алуу жол-жобосу башталды",- деп жазылган маалыматта.

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров жергиликтүү соттордун бир катар судьяларынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Анда Судьялар кеңешинин сунушуна ылайык, Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков, Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев кызматтан алынган.

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова отставкага кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ыйгарым укуктары токтотулган.

Барынбаев мас абалда машина айдаганы үчүн кечирим сурап, 25-мартта Жогорку Соттун төрагасына арыз жазып берген. Судьялар кеңеши ошонун негизинде президентке сунуш киргизген.

Каракол шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 8-мартта "Тойота Виш" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун кармашкан. Айдоочу Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы, 1974-жылы туулган Жеңишбек Барынбаев болуп чыккан. Медиктер анын канында алкоголь бар экенин ырасташкан.

Айдоочуга карата административдик протокол түзүлгөн. Жаңы мыйзамга ылайык, анын айдоочулук күбөлүгү да алынышы керек болчу. Каракол шаардык сотунун судьялары өз кесиптешинин ишин карап, чечим чыгарбай, протоколду Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына кайра жөнөтүп жиберген. Иштин материалдары Ысык-Көл облустук сотуна жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков сотко катышкан тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегени үчүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Бишкек шаардык сотунун судьясы Анара Өмүралиева эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG