Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Оштогу өзбек музыкалык драма театры пайдаланууга берилди


Оштогу Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры. 24-апрель, 2023-жыл.
Оштогу Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры. 24-апрель, 2023-жыл.

Оштогу Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Театрды оңдоп түзөөгө каражатты коңшу Өзбекстан тарап каржылаган. 24-апрелдеги ачылуу аземине Кыргызстандын министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан республикасынан маданият жана туризм министри Озадбек Назарбеков катышты.

Театрды реконструкциялоо иши 2021-жылы сентябрь айында башталган. Ош шаардык мэриясы оңдоп-түзөө иштерин Өзбекстан моюнга алганын жана 5 миллион долларлык каражат сарпталарын кабарлаган.

Театрдын имаратын Өзбекстан бөлүп бере турган каражатка толук жаңылоо тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Ташкентке сапары учурунда кабыл алынган.

Эки өлкө ортосундагы бул макулдашуу 2022-жылы 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылган.

Бабур атындагы өзбек драма театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. (Dsh)

XS
SM
MD
LG