Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Жапаров инвестициялык форумга катышуу үчүн Ташкентке барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 26-апрелде эл аралык инвестициялык форумга катышуу үчүн Өзбекстандын борбору Ташкентке барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев уюштуруп жаткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

27-апрелде өтө турган форумга дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн 2,5 миңдей адам катышары маалымдалды.

Иш сапары алкагында Акылбек Жапаров Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен да жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт.

Эки өлкө ортосундагы соңку жогорку саясий диалог быйыл 26-27-январда уюштурулган. Өзбек президенти Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткен, анда ортодогу чек араны тактоо маселесине чекит коюлганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG