Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Салык декларациясын кабыл алуу мөөнөтү эки күнгө узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү эки күнгө узартылды. Салык кызматы билдиргендей, быйыл декларация 1-2-май күндөрү да кабыл алынат.

Буга бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) бул жолу дем алышка (жекшемби) туш келгени, ал эми 1-май майрам күн болгону себеп экени маалымдалды.

Салык органдары декларацияны 30-апрелде, 1-майда жана 2-майда эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин кабыл алышат.

Мекеме салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек экенин эскертти. Алар:

- жеке ишкерлер (анын ичинде патент менен иштегендер);

- менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар адамдар;

- юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

- илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

- мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган адамдар.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми катардагы жарандар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

Мыйзам боюнча салык декларациясын кабыл алуу мөөнөтү Кыргызстанда 30-апрелде аяктайт, андан өтүп кетсе айыппул салынат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG