Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Бишкекте басып алынган жерлерге 10 миңден ашык техникалык паспорт берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаары боюнча басып алынган жер участокторуна быйыл апрелдин соңуна чейин 10 миң 744 техникалык паспорт берилди.

Бул тууралуу “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы 2-майда билдирди. Алардын 2392си Ленин, 4859у Биринчи Май, 3006сы Свердлов жана 487си Октябрь райондоруна туура келет.

Мекеме техникалык паспорттор жерди мыйзамдаштырууга укук бербей турганын, өзүм билемдик менен басып алынган бардык эле жерлер мыйзамдаштырылбай турганын эскертти.

“Электр чубалгылары, газ түтүктөрү өткөн, көрүстөндөргө, таштанды полигонуна жана суу ташкыны жүрүү коркунучу бар жерлерге жакын салынган үйлөр бар. Мындай участоктор 2 миң гектардан ашуун аймакты ээлейт. Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн өзүнчө мыйзам долбоору иштелип чыгып жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Кыргызстанда жер мунапысын алуу үчүн элден 93 миң 663 арыз түшүп, жарандарга 12 миң 795 техникалык паспорт берилгенин 4-апрелде парламент жыйынында билдирген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 1-мартта Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн окуядан кийин 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордого барып мыйзамсыз басылып алынган жерлерге документ берүү иштерин тездетүү тапшырмасын берген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG