Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Жергиликтүү кеңештин депутаты кастыкты козутууга шек саналып кармалды


Чүй ОИИБи тараткан сүрөт.
Чүй ОИИБи тараткан сүрөт.

Аламүдүн районунун Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты "аймактар аралык кастыкты козутууга" айыпталып кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 2-майда билдирди.

Аламүдүн райондук прокуратурасына А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жергиликтүү кеңештин депутатына чара көрүүнү өтүнгөн.

“Ал 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын жашоочуларын чогултуп, бул айылга башка аймактардан келген жашоочуларга карата өз эрежелерин түзүп, бул айылдан аларга орун жок экендигин ачык билдиргенин айтып, чара көрүүнү өтүнүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Прокуратура бул окуя боюнча райондук милицияга кайрылып, 2-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган.

44 жаштагы депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди деп айтылат расмий маалыматта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG