Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Таркович улуттук курама команданы бир жылдан ашык машыктырат


Нурдин Букуев менен Штефан Таркович.
Нурдин Букуев менен Штефан Таркович.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалган словакиялык Штефан Таркович менен Кыргыз футбол бирлиги 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түздү. Футбол бирлиги билдиргендей, 2-майда келишимге кол коюу иш-чарасы өттү.

“Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футбол бирлигинин президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз”, - деди Таркович.

Бирликтин башкы катчысы Нурдин Букуев жаңы машыктыруучуга өзү менен кошо келген жана жергиликтүү адистер жардам берерин билдирди.

24-апрелде Кыргыз футбол бирлигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Штефан Таркович тандалган.

50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.

2013-жылдан 2020-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы болуп келген.

Кыргызстандын курама командасын 9 жыл машыктырган Александр Крестинин 3-апрелде кызматынан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG