Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:09

Навальный отурган түрмөдө Путиндин сөздөрү үн күчөткүч менен уктурулууда


Сот отурумундагы Алексей Навальный экрандан көрүнүп турат. 7-июнь, 2021-жыл.
Сот отурумундагы Алексей Навальный экрандан көрүнүп турат. 7-июнь, 2021-жыл.

Орусияда оппозиционер Алексей Навальный абакта отурган түрмөдө президент Владимир Путиндин сөздөрү күн сайын үн күчөткүчтө уктурулуп жатат. Бул тууралуу Навальныйдын Телеграмм каналы кабарлады.

Навальныйдын айтымында, үн күчөткүчтөр коридорго илинген.

"Путиндин үнү ушунчалык катуу чыгат, андан эч кайда качып кутулбайсың", - деген Навальный бул жагдай анын анын кечинде китеп окуусуна тоскоол болуп жатканын белгиледи. Маалыматка караганда, колонияда Путиндин Орусия Украинага басып киргенден берки сүйлөгөн сөздөрү коюлат. Түрмө жетекчилиги буга комментарий бере элек.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат.

Ал 2021-жылдын башында Германияда дарыланып, Орусияга кайтып келгенден кийин кармалып, камакка алынган. Бир нече кылмыш иши менен айып тагылып, соттолгон. Эми экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат" түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары да ал бийликтин ишин сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремл муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирүүдө.

Алексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин анын маалымат катчысы Кира Ярмыш быйыл апрелдин ортосунда билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG