Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Бишкекте ысык суу 22-майда өчүрүлөт


Бишкек жылуулук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек жылуулук электр станциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Баш калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 22-майдан тартып Бишкекте ысык суу берүү бир айга токтотулат. Маалыматка ылайык, бул тууралуу жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

"Ысык суу жылуулук тармактарын оңдоо жана кийинки жылытуу мезгилине даярдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Жыл сайын Бишкекте май-июнь айларында шаардыктарга ысык суу берүү Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) келерки жылытуу мезгилине даярдоо үчүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн бир айга токтотулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG