Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Сөз эркиндигинин күнү: Журналисттер аллеясында ишембилик өттү


Журналисттер аллеясы, Бишкек.
Журналисттер аллеясы, Бишкек.

Бишкек шаарында 6-майда Журналисттер аллеясында сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө арналган ишембилик өттү. Ага өлкөдөгү журналисттер, медиа уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Быйылкы ишембилик “Бизге басым кылып жатышат, журналисттер болсо көчөт отургузат” деген аталыш менен өттү. Анын катышуучулары өлкөдөгү маалымат каражаттары, журналисттер туш болгон соңку басымдарды токтотууга чакырып, журналисттерди тилектештик билдирүүгө үндөштү.

Шаардагы Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясы 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмесинин демилгеси менен ачылган.

Өткөн айдын башында Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясы ачылган. Анда "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурган иш-чарага 100дөн ашуун маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышкан.

Анын алдында "Кыргызстандагы медианын аракеттеринин платформасы" уюму президенттик администрациянын бул акциясын сындаган билдирүү тараткан. Анда мындай иш-чара сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге, медиага жана блогерлерге куугунтук жүрүп жаткан маалга туш келгени белгиленген.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата басма сөз эркиндигинин абалынын индексин жарыялаган. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Уюм докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан.

2022-жылдагы индексте Кыргызстан алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет болгон. Индексте Түркмөнстан 176, Тажикстан 153, Өзбекстан 137, Казакстан 134-орунда.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму баяндамасында журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG