Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Пакистанда Имран Хандын жүздөгөн тарапташтары кармалды


Имран Хандын кармалышына каршы чыккан пакистандыктар. Лахор шаары. 9-май, 2023-жыл.
Имран Хандын кармалышына каршы чыккан пакистандыктар. Лахор шаары. 9-май, 2023-жыл.

10-майда сот Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханга 2018-2022 жылдары өкмөттү башкарып турган маалда мамлекеттик белектерди мыйзамсыз сатып жиберген деген айып такты.

Аны 9-майда антикоррупциялык агенттиктин өкүлдөрү кармап кетишкен. Хан коррупция тууралуу буга чейинки дооматтарды да четке кагып келген.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мурдагы өкмөт башчыга элүүдөн ашык кылмыш иши козголду. Арасында паракорчулук жана террорчулукка байланышкан беренелер да бар.

Пенжаб провинциясында Хандын кармалышына каршы чыккан миңдей киши кармалды. Алар башаламандык уюштуруп, ондогон машинелер менен имараттарды өрттөп жиберишкен. Полиция менен Хандын тарапташтарынын кагылышуулары Карачи, Лахор жана Кветта провинцияларында да катталды. Мындан улам үч аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Акциялардан кийин мобилдик байланыш дээрлик өлкө аймагында бир канча убакытка өчүрүлдү.

Андан тышкары Facebook, Twitter жана YouTube социалдык түйүндөрүнө да чектөө киргизилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG