Синоптиктердин маалымдашынча, 12-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Талас, Чүй, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24.
Бишкек шаарынла түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30° ысыйт.