Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Милиция Ошто көп сандагы курал-жарак табылганын билдирди


Ошто табылган курал-жарак. Сүрөт ИИМдики.
Ошто табылган курал-жарак. Сүрөт ИИМдики.

Ички иштер министрлиги Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Эки кылмыш тең ири өлчөмдөгү акчаны алуу максатында жасалган. ИИМ кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар экенин, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылганын маалымдады. Буга байланыштуу тиешелүү экспертизалар дайындалды.

"Кармалгандардын арасында аялдар да бар. Өзбекстан Республикасынын жараны, Наманган облусунун тургуну 1987-жылы туулган У.С. (аял киши) Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот. Башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында жашаган жеринен 37 жаштагы Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган паспорт табылган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Март айында атайын кызмат Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG