Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

“Керемет Банктын” иши: Нурбек Жеңиш, Нурланбек Садыков күнөөлүү деп табылды


“Керемет Банктын” кеңсеси.
“Керемет Банктын” кеңсеси.

“Керемет Банктын” иши боюнча Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңишке жана башкармалыктын мурдагы мүчөсү Нурланбек Садыковго сот өкүмү чыкты.

15-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту экөөнү тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирине 1 млн. сомдон айып пул салды. Улуттук банктын мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы өзгөртүлүп камактан чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушуну менен“Керемет Банктын” иши боюнча беш кишиге өкүм чыкты. Буга чейин Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөлөрү Тимур Жусупов, Алмаз Сыдыков жана банктын төрагасынын мурдагы орун басары Айнура Тезекбаева да ушул эле берене менен айыптуу деп табылган. Ар бири 1 млн. сомдон айып пул төгүүгө милдеттендирилген.

Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” (мурдагы “Росинбанк”) айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Буга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Мекеме “Керемет Банктын” кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салганын билдирген. Натыйжада өлкө казынасына мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген.

Банктын акцияларынын 97,45% 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган.

“Керемет Банк” мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG