Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Сот Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узартты


Ырыс Жекшеналиев (оңдо) сотто. 15-май, 2023-жыл
Ырыс Жекшеналиев (оңдо) сотто. 15-май, 2023-жыл

15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулу блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узартты. Сот мындай чечимге блогер “Полит Узник” баракчасына чыгарган видеого байланыштуу буга чейин жүргүзүлгөн политологиялык, лингвистикалык экспертиза боюнча кошумча суроолор бар экени негиз болду. Ишти кароо 24-майда уланат.

Ырыс Жекшеналиев бул күнү сотто акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыпты четке каккан, прокурор иш боюнча бир да далил таба албаганын айткан. Судья чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кеткен.

Блогердин адвокаты Кантемир Турдалиевдин сөзүнө караганда, "Полит Узник" баракчасына жарыяланган видео боюнча буга чейин политологиялык, лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында “массалык башаламандыкка үндөө белгилери жок” деген бүтүм чыккан.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. (BTo/JE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG