Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга учуп кетти


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

17-майда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга учуп кетти. Президенттин басма сөз кызматы президент сапардын алкагында “Кытай-Борбор Азия” саммитине да катышарын билдирди.

Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселени талкуулашат.

Кыргызстандын делегациясынын курамында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева, президенттин администрациясынын чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын жетекчиси Айбек Жунушалиев бар. Аны бир катар министрлер жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери да коштоп кетти.

Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот. Ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен да жолугушат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG