Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:55

Италия: суу ташкында үч киши каза таап, беш миңдейи коопсуз жайга көчүрүлдү


Италияда суу ташкын алдында калган шаарлардын тургундарын куткаруучулар чыгарып баратышат.
Италияда суу ташкын алдында калган шаарлардын тургундарын куткаруучулар чыгарып баратышат.

Италиянын түндүгүндө болгон суу ташкын кеминде үч кишинин өмүрүн алды, беш миңдей адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Табият кырсыгы болгон Эмилия-Романья аймагынын бийлиги кырдаал мындан да начарлашы мүмкүн экенин 17-майда эскертти.

Дагы үч кишинин дайыны азырынча белгисиз.

Соңку күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам аймактагы бир нече дарыя нугунан ашып, Форли, Чезена жана Чезенатико шаарларын каптап кеткен. Тургундар куткаруучуларды үйлөрүнүн чатырына чыгып, күтүүгө аргасыз болушту.

Бир катар жолдор жана темир жолдор жабылды. Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони жабыркагандарга көңүл айтып, алар менен бирге экенин Твиттерге жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG