Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкекте лифтте калган пенсионер жүрөгү кармап каза болду


“Туңгуч” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну лифтке камалып калгандан кийин жүрөгү кармап каза тапканы белгилүү болду.

Маалыматты "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасы ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, окуя 14-майда болгон.

Лифт биринчи жана экинчи кабаттын ортосунда токтоп калганда 67 жаштагы пенсионер анын ичинде 20 мүнөттөй туруп калган. Адистер лифтти ачканда ал эстен танган абалда болгону, "Тез жардам" кызматы бир сааттан кийин келип, анын жүрөгү кармап каза болгонун аныктаганы айтылды.

Аталган мекеме маркумдун жакындары “Бишкек шаардык лифт” муниципалдык ишканасына доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан баш тартканын маалымдады.

Пенсионердин жакындары анын сөөгүн Ысык-Көл облусуна алып кеткенин коңшулары билдиришти. Алардын өздөрүнөн комментарий алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Окуя болгон көп кабаттуу үй 2018-жылы пайдаланууга берилген, андагы төрт лифтти “Бишкек шаардык лифт” ишканасы тейлейт.

Кыргызстанда лифтте кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин да кездешкен. Былтыр январда “Улан-1” кичи районунун тургунун лифт кыпчып калып каза тапкан. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG