Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Мыйзамдагы теңсиздикти жойгусу келген Жакшылык


Жакшылык Кадыров
Жакшылык Кадыров

Конституциялык сотко шайлоо күрөөсүнүн көптүгү боюнча арыз менен кайрылган юрист Жакшылык Кадыров "Азаттыктын" "Укугум бар" берүүсүндө конокто болду. Ал шайлоо тууралуу мыйзамда талапкер жеке каражатынан Боршкайкомдун эсебине ири суммадагы акчаны күрөө катары төгүшүн милдеттендирген берене социалдык теңсиздикти жаратат деп эсептейт.

"Шайлоо мыйзамы адамды басмырлайт"

Оштогу "Көрүүсү начар жана азиз адамдардын коому" бирикмесинин мурдагы жетекчиси, юрист-консультант Жакшылык Кадыров Конституциялык сотко кайрылып, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн "экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун" текшерүүнү өтүндү.

Жакында эле аталган сот Кадыровдун арызы өндүрүшкө кабыл алынганын кабарлады.


Арыз ээси, 27 жаштагы Жакшылык Кадыров шайлоо тууралуу мыйзамдын күрөө жөнүндөгү беренеси боюнча сотко кайрылган себептерин төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Шайлоо тууралуу мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө талапкер жеке каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине акчалай шайлоо күрөөсүн төгөрү жазылып турат. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн саясий партиялар 1 млн. сом, бир мандаттуу округдан аттанган талапкерлер 100 миң сом төгүшү керек. Мен өткөн шайлоодо Ош шаарындагы бир мандаттуу округдардын биринен шайлоого катышууну көздөдүм. Бирок 100 миң сомум жоктугунан талапкер катары каттала албадым. Бул жерден мен социалдык теңсиздикке кабылдым. Менин Конституцияда жазылып турган укугум: Жарандар шайлоого жана шайланууга укуктуу, өлкө жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызматтан көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ деген берене бузулду. Кыргызстандын жараны болуп туруп, түздөн-түз басмырлоого дуушар болдум. Ушундан улам укугумду коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрылдым".

Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештеги шайлоого катышууда партиялардын шайлоо күрөөсү 1 миллион сомду түзөт. Бир мандаттуу округдардан шайлоого катышкандар күрөөгө 100 миң сом коет.

Жакшылык Кадыров коомдук иштерге да активдүү катышат. (сүрөт Жакшылыктын жеке архивинен)
Жакшылык Кадыров коомдук иштерге да активдүү катышат. (сүрөт Жакшылыктын жеке архивинен)

"Кыйынчылыкка чыдабай окууну таштап салгым келген күндөр болгон"

Жакшылык Кадыров кагаз жүзүндө "бардык жарандардын укугу бирдей" дегени менен, кыргыз коомчулугунда майыптыгы бар адамдар үчүн шарт жоктугун белгиледи.

Ал Ош шаарындагы көрүүсү начар жана көзү азиз балдар үчүн атайын мектепти окуп бүтүргөндөн кийин Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен Оштогу юридикалык институтка кирген.

"Мектепте биз союз учурунда брайль шрифти менен жазылган китептерди гана окудук. Билимди да ошол китептердин негизинде гана алдык. Баары орус тилинде болчу. Брайль шрифти менен кыргыз тилиндеги китептер жаңылбасам, 2010-жылдан кийин гана чыга баштады окшойт. Тиешелүү китептердин, адабияттардын жетишсиздигинен ЖРТга деле мектептин базасында алган билим менен киргем. Биздин классты 11 бала аяктаган. Ар бирибизге бирден ыктыярчы кошуп беришти. Алар бизге тесттеги суроону окуп беришет. Биз анын жообу бул деп айтабыз. Кээ бир суроолорду так уга албай калып, кайра суроодон тартынгандар болду, же ыктыярчы жаңылып, башка жоопту белгилеп коюшу деле мүмкүн. Ошентип, биздин класстын бүтүрүүчүлөрү көпчүлүгү төмөн упай алып калды. Айрымдары коллеждерге киришти, мен Юридикалык институтка өттүм.

Окууну таштап салгым келген күндөр болду... Себеби үйдөн сыртка чыккандан тартып эле мүмкүнчүлүктөр чектелет. Аялдамада турган кезде токтогон автоунаанын номуру көрүнбөйт. Башкалардан сурайсың, кээде киши жок болуп калат, болсо да айтып коюуну каалабаган адамдар бар. Келип токтогон унаанын эшигин ачып сурайсың, орой айдоочу кадимкидей эле сөгөт... Маршруткада бара жатып, айдоочуга ушул жерге жеткенде айтып коюңузчу деп эскертем. Болбой эле унутуп калган болсо, түшө турган жерден өтүп кетип, кайра дагы автоунааларга түшүп келген күндөр болду. Көчөдөгү тротуарларда басуу оор, тегиз эмес. Жол чырактарда кандай жарык күйүп, кайсынысы өчүп атканы түшүнүксүз. Эгер үн чыгаргыч жол чырактар болсо, кайсы учурда өтсө болорун аңдап түшүнөсүң, жок болсо боолгоп өтө бересиң, бирок шоопурлардан сөгүү угасың... Бир жолу сабакта жаш өтүп калган окутуучу Брайл шрифти менен тыкылдатып жазганымдан тажап, "тоок жем чокугандай болбой, жөн отур" деп тилдегени аябай катуу тийген. Ошондо 50 чакты курсташтарымдын алдында кагуу жегенимде таптакыр окугум келбей калган".

Жакшылык Кадыров майыптыгы бар адамдардын көчөдө жалгыз жүрүүсүнө шарт түзүлбөгөнүн айтып келет
Жакшылык Кадыров майыптыгы бар адамдардын көчөдө жалгыз жүрүүсүнө шарт түзүлбөгөнүн айтып келет

"Аудиториянын эшиктерине номурларды Брайль шрифти менен жазып, чаптап чыккам"

Жакшылык жашоо үчүн, укугу, билим алуу үчүн күрөшүүнү чечип, колунан келишинче бет келген кыйынчылыктарга каршы күрөшө баштаган.

"Бала кезимде эле депутат болгум келчү. Адам укуктарын коргогон мыйзамдарды демилгелеп, жазып, коомду өзгөртүүнү каалачумун. Мектепте окуп жаткан кезимде "Ар-Намыс" партиясынын тизмеси менен Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин мандат алганда, "буйруса мен да депутат болом" деген үмүт пайда болгон. Ошол кездери мүмкүнчүлүгүм гана эмес, укугум да чектелүү экенин сезе баштагам.

8-класста окуп жүргөнүмдө тарых сабагынан берген эжейибиз ошол күнү маанайы начар беле, айтор, бизге аябай катуу тийди. Урушуп, жүрөк ооруткан сөздөрдү айтты. Эжейдин кылганы туура эмес экенин айтып, мектептин директоруна кайрылгам. Бирок оң натыйжа чыккан эмес. Ошондо өзүмө сөз берип, укугум үчүн күрөшүүнү максат кылгам.

2014-жылы, мектепти аяктап, Оштогу юридикалык институтка тапшырдым. Институтта окуу оор болду. Киргенден баштап эле көзү азиз катары чектөөлөргө дуушар болдум. Институттун ичиндеги, сыртындагы инфраструктура, тепкич, коридорлор ыңгайсыздыгынан тарта, кадимки эле сабак өтүлчү аудиториялардын каалгасында мен сыяктуу студенттерге ыңгайлаштырылган жазуу же номуру жок эле. Сабакка аудитория издеп жүрүп эле көп кечикчү элем. Бул үчүн мугалимдерден кеп угуп, теңтуштарыма күлкү болгон учурларым болду. Мен бул кырдаал менен күрөшүп, чыгууну туура көрдүм. Колумдагы брайль системасын колдонуп, аудиториялардын эшиктерине номурларын жазып чыктым. Мурдагыга караганда кыйла жеңил болуп калды.

Сабакты болсо лекцияларды негизинен диктофонго жаздырып алып, анан бош убактымда аны брайль шрифти менен конспектилеп жазып чыкчумун. Ошону окуп, даярданчумун. Кудайга шүгүр, азыр технологиянын өнүккөн заманы, ноутбугум бар, колумдагы телефон менен китеп, керектүү адабияттарды окуп, жаңылыктарды угуп турам".

Жакшылык Кадыров Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен. (сүрөт Жакшылыктын жеке архивинен)
Жакшылык Кадыров Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен. (сүрөт Жакшылыктын жеке архивинен)

"Майыптыгы бар адамдарга жумуш табуу эң кыйын"

Юридикалык институтту аяктагандан кийин Жакшылык Кадыров жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп, майыптыгы бар адамдардын жашоосун жеңилдетүү, ыңгайлаштыруу үчүн күрөшө баштаган. Буга анын Ош шаарындагы "Азиздер жана дүлөйлөр коомун" убактылуу жетектеп калган учурдагы кыйынчылыктар себеп болгон.

"Эң эле жаманы - майыптыгы бар адамдарга биздин мамлекеттик кызматкерлер, социалдык жактан коргоо бөлүмдөрүнүн, социалдык фонддогу кызматкерлер орой мамиле жасап, алардын укуктарын тебелегенине күбө болдум. Мыйзамдарды, укуктарын билбеген айрым адамдарга катуу тийип, чогултуп келген документтери так болбой калса, жакшынакай түшүндүрүп же жардам берүү ордуна, кагаздарын ыргытып, кагып-силккендерди көрдүм. Мага социалдык коргоо бөлүмүндө иштеген эже кыйкырып, орой мамиле кылганда, анын майыптыгы бар адамдарга мындай мамиле жасоого укугу жоктугун акырын айтып түшүндүрүүгө аракет кылдым. Уккусу келген жок. Тескерисинче, "окутпа мени, үйрөтпө" деп оройлонду. Жетекчилиги аркылуу сүйлөшкөндө гана жумшарды. Юридикалык билимим бар болгону үчүн, майыптыгы бар адамдарга консультация берип, документ толтурууга жардам берип жүрөм. Бирок менден башка да майыптыгы бар адамдардын укугу дайыма бузулат".


Жакшылык учурда Бишкектеги юридикалык академияга магистратурага тапшырууга даярдык көрүп, Бишкек шаарында жашап жатат. Ал келинчеги менен чогуу батирде ижарада тургандыктан, аны төлөө үчүн өз кесиби боюнча иштөөгө аракет кылып көргөн. Бирок азырынча натыйжасыз дейт.

"Тилекке каршы, майыптуулугу бар инсандарга көпчүлүк учурда жумуш табуу оор. Мен күн сайын 5-6дан кат жазып алып, көптөгөн мекемелерге кайрылып келем. Мени көргөндө эле катымды албай туруп, "бизде сизге иш жок" деп жооп беришет. Биздеги жумуш берүүчүлөр "майыптыгы бар адамдар кантип иштейт?" деген бүдөмүк түшүнүк менен жашайт. Аларга "сизге иш сурап келген адамдын сырткы кебетесине эмес, иштөө жөндөмүнө көңүл бурсаңыз" деп айтаар элем. Коомубузда майыптыгы бар адамдардын колунан иш келбейт, жарым жан деген түшүнүк бекем орноп калган. Муну биз дайыма эле сезебиз. Мисалы, жакында эле Бишкекте батир издеген учурда да кожоюндары бизге ишенбегендей мамиле кылып, туура эмес кабыл алат. "Кантип жашайсыңар? Акча төлөй аласыңарбы?" деп сурашат. "Суу каптатып же өрттөп жибербейсиңерби?" деп сурагандар да болгон".

Жакшылыктын келинчеги өзүнүн классташы. Оштогу педагогикалык коллежди аяктаптыр. Айтымы, учурда ал да иштөө аракетинен натыйжа чыкпай, жумушсуз.

Жакшылык Кадыровдун "Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү тууралуу өтүнүчүн Конституциялык сот 18-майда карайт. Ушул тапта Жакшылык адвокаты менен чогуу соттук кароого даярданып жаткан кези.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG