Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Министрлик кыргыз жарандыгын убада кылган жарнамаларга комментарий берди


Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).
Кыргыз паспорту (коллаж сүрөт).

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын жарандыгын алып берүү боюнча ар кандай жарнамаларга байланыштуу комментарий берди.

Министрлик мындай маалыматтарга алданбоого чакырып, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу же чыгаруу иши менен министрликтин Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти алектенерин билдирди. Кыргызстандын жарандыгын берүү жол-жобосун түшүндүрдү.

Мыйзам боюнча, 18 жашка чыккан чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз берсе болот. Ал үчүн акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда туруктуу жашашы керек.

Ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо, Кыргыз ССРинде төрөлүп, мурдагы СССРдин жарандыгын алгандар Кыргызстандын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алат.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова парламенттин 18-майдагы жыйынында Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылып жатканын айткан.

Avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 270 миң рублге чейин алып берүү боюнча бир нече жарнама турат. Анда кыргыз жарандыгын алуу үчүн Орусиянын жарандыгынан чыгуу талап кылынбай турганы, кыргыз тилин билүүнүн зарылдыгы жок экени жазылган. Кыргызстандын жарандыгын алып чет жактан банк эсептерин ачууга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган орусиялыктар көбөйгөн. Президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктарынын негизинде Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG